Кытай уйгурлар сыяктуу тибеттиктерди дагы "кайра тарбиялап" жатабы? - bbc news кыргыз кызматы
Кытай уйгурлар сыяктуу тибеттиктерди дагы "кайра тарбиялап" жатабы? - bbc news кыргыз кызматы"
Play all audios:
КЫТАЙ УЙГУРЛАР СЫЯКТУУ ТИБЕТТИКТЕРДИ ДАГЫ "КАЙРА ТАРБИЯЛАП" ЖАТАБЫ? 25 сентябрь 2020 КЫТАЙ БИЙЛИГИ МИҢДЕГЕН ТИБЕТ ТУРГУНДАРЫН АСКЕРЛЕШТИРИЛГЕН ОКУУ БОРБОРЛОРУНА МАЖБУРЛОО ЖОЛУ
МЕНЕН АЛЫП КЕЛҮҮДӨ. АЛ БОРБОРЛОР "КАЙРА ТАРБИЯЛОО" ЛАГЕРЛЕРИН ЭСКЕ САЛАТ ДЕП АЙТЫЛАТ ЖЕЙМСТАУН ФОНДУНУН (JAMESTOWN FOUNDATION - ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗГӨН АМЕРИКАЛЫК БЕЙӨКМӨТ УЮМ)
ДОКЛАДЫНДА. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги айыптоолорду четке кагып, мажбурлап эмгекке тартуу деген жалган деди. Доклад маалымат каражаттарындагы кабарларга, саясий документтерге жана
спутник сүрөттөрүнө негизделип жазылган. Анда Тибеттеги кырдаал Шинжаң-Уйгур автоном районундагы кайра тарбиялоо лагерлери сыяктуу деп мүнөздөлгөн. Чет элдик журналисттер жана укук
коргоочулар миллион чамалуу уйгур мусулмандарды Кытай мажбурлоо жолу менен атайын лагерлерде "кайра тарбиялап" жатканын айтып келүүдө. Бээжин айыптоолор менен макул эмес. Бул
экстремизмге каршы окутуу борбору деп билдирген. Америкалык эксперттер айтып жаткан Тибеттеги лагерлердин уюштурулушу Бээжиндин жакырчылык менен күрөшүү программасынын бир бөлүгү катары
каралган. Бийлик кирешеси аз, алыскы жакыр айылдардагы тургундарды өндүрүшкө жумушка таратат. Бирок укук коргоочулар этникалык азчылыктар жашаган Тибет жана Шинжаң сыяктуу аймактарда бул
ыкма идеологиялык тазалоо менен коштолуп жатканын ырастоодо. Андан баш тартууга мүмкүн эмес дейт алар. Skip Эң көп окулгандар and continue reading ЭҢ КӨП ОКУЛГАНДАР * "Шаарды мигранттар
курган. Биз душман эмеспиз". Лос-Анжелес депортацияга каршы кантип көтөрүлдү? * Эмнеге көпчүлүк аялдар эмчек импланттарынан баш тарта баштады? * Электромобилдердин экологияга тийгизген
пайдасы жана зыяны * Трамп өзү баштаган дүйнөлүк соода согушунан өзү утула баштадыбы? End of Эң көп окулгандар * Кытай расмийлери мусулмандарды куугунтукка алганы үчүн АКШ санкциясына
кабылды * "Мулан" тасмасы боюнча саясий чуу жана тасмага тартылган кыргыздар Алыскы Тибет автоном болгонуна карабай толугу менен Кытай тарабынан башкарылат. Бээжиндин дарегине
маданий жана диний эркиндикти чектеди деген айыптоолор көп айтылды. Кытайдын коммунистик бийлиги болсо, бийик тоолуу Гималайдагы бул чөлкөмдү өнүктүрүү аракетинде экенин айткан. Бозгунда
жүргөн тибеттик өкмөттүн жетекчиси Лобсанг Сенгай "билим берүү" максатында түзүлгөн окуу борборлоруна же эмгек лагерлерине тибеттиктерди мажбурлап алып келип жатышканын буга чейин
эскертип келген. Эми Жеймстаун фонду мамлекеттик бул программанын масштабы тууралуу жаңы маалыматтарды таап чыккан. Тибет жана Шинжаңдагы изилдөөлөрдүн башында турган Адриан Зенц ушул жылдын
жети айында мындай борборлордон 500 миң чамалуу (региондогу калктын 15 пайызы) дыйкандар жана малчылар өткөнүн ырастайт. Кытайдын бийлиги кишилердин массалык жер которуусу үчүн Тибеттин
өзүндө жана Кытайдын башка региондоруна квоталарды караган. Докладда Кытай жетекчилигинин окуу программаларын түзүү пландары тууралуу дагы сөз болгон. Анда "эмгек тартибин иштеп чыгуу,
кытай тилин үйрөтүү жана жумушчунун этикасы" сыяктуу сабактар бар. Мындай борборлордон өткөн соң көпчүлүгү айлыгы аз тармактарга жумушка орноштурулат. Айталы, текстиль, курулуш, айыл
чарба тармагына. Кытай бийлиги окутуу борборлорунда тил жана кесип үйрөтүлөөрүн, эч кандай мажбурлоо болбой турганын айтып келүүдө Жеймстаун фондунун доклады боюнча Кытайдын Тышкы иштер
минстрлиги Рейтер агенттигине түшүндүрмө берип, эч кандай мажбурлоо жок экенин, жумушчулар өз ыктыяры менен эмгекке тартылып, жетиштүү айлык акы алып жатканын ишендирди. "Мажбурлап
эмгекке тартуу деген жок. Эл аралык коомчулук чындык менен жалганды айырмалайт деп ишенебиз",-деп айтылат ТИМ билдирүүсүндө.
Trending News
Профиль: EvilArthasПодтверждение удаления Вы можете удалить не более пяти своих рецензий. После удаления этой рецензии у вас останется возм...
Профиль: LongwalkПодтверждение удаления Вы можете удалить не более пяти своих рецензий. После удаления этой рецензии у вас останется возм...
Профиль PoyoyoPoyoyoMVPЕм вискас по кд.... Пирачу! ооой вообщеее все пирачууууууууууууу!На сайте с 27.10.19КомментарииБлогПубликации...
Ч. Абыкеев: "бриллиант жылан" кыргыз адабиятын солк эттирип койгон - bbc news кыргыз кызматыЧ. АБЫКЕЕВ: "БРИЛЛИАНТ ЖЫЛАН" КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫН СОЛК ЭТТИРИП КОЙГОН ARTICLE INFORMATION * Author, Абдыбек Казие...
Омурбек текебаевОмурбек Текебаев является лидером киргизской социалистической партии "Ата-Мекен" ("Отечество"), а та...
Latests News
Кытай уйгурлар сыяктуу тибеттиктерди дагы "кайра тарбиялап" жатабы? - bbc news кыргыз кызматыКЫТАЙ УЙГУРЛАР СЫЯКТУУ ТИБЕТТИКТЕРДИ ДАГЫ "КАЙРА ТАРБИЯЛАП" ЖАТАБЫ? 25 сентябрь 2020 КЫТАЙ БИЙЛИГИ МИҢДЕГЕН ТИ...
Румыния – DWГосударство в Юго-Восточной Европе, частично расположенное в северо-восточной части Балканского полуострова. Член Евросо...
Профиль: EgresssПодтверждение удаления Вы можете удалить не более пяти своих рецензий. После удаления этой рецензии у вас останется возм...
Омурбек Бабанов – DWБабанов Омурбек Токтогулович - киргизский политик, лидер парламентской фракции и оппозиционной политической партии "...
Профиль: ТанчиттаПодтверждение удаления Вы можете удалить не более пяти своих рецензий. После удаления этой рецензии у вас останется возм...